Биз менен байланышыңыз

Абактан жеке клиникага: Кыргыз саясатчыларына жабышкан жүрөк оору

Саясат | 6 Сен 2021 | 2170 | 0

Акыркы эле бир жумада камактагы саясатчылардын бир канчасы жеке клиникаларга которулушту. Алардын оор абалда ооруканага жатып калышына жүрөк жана башка оорулары себеп болгон. Саясатчыларга иш козголгондо же камалганда эле жүрөгү кармап калышына эмне себеп болууда? Абактан жеке клиникаларга которулуу жазадан кутулуунун бир жолубу? Бул суроолордун алкагында серепчилердин пикирин тыңдадык. 

«Бикард» жеке клиникасы «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалып, тергөө абагында жаткан активист Мелис Аспековдун жүрөгүнө 7 саат операция жасады. Башаламандыктарды уюштурууга айыпталып жаткан саясатчы Жеңиш Молдокматов да ушул эле клиникадан операция болду. Андан кийин эле УКМКнын СИЗОсунда жаткан Абдил Сегизбаев ооруканага которулду. Мунун да себеби жүрөк оорусу экени, жакын арада операция жасалары айтылды.

Буга чейин коррупцияга шектелип кармалган бир канча аткаминер да саламаттыгы начарлап, аталган жеке клиникага которулушкан. Алардын катарында Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, «Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы башчысы Василий Дашков бар.

Коомдук ишмер Шайырбек Маматокторовдун айтымында, өлкөдө саясий клиникалар, саясий кофейнялар, саясий мончолор пайда болгон. Саясий клиникалар — негизинен саясий туткундардын соодалашып, соттун чечими чыкканга чейин баш калкалоочу жайы. Ал жерде дарылоо жөнүндө унутуп койсо деле болот.

«Ар бир адам саламатта болсун деп тилейт элем, бирок кылмыш иши козголсо эле кескин түрдө ооруп калышат. Эгерде сиз ал кишиге кылмыш ишин ачпасаңыз, куландан соо эле жүрө бермек. Атүгүл абакка түшкөн кишилер бир күн мурда машыгып жатканын жарыялап, эртеси күнү чет өлкөгө дарыланууга кеткен учурлар бар. Алар мындай кадамдарга жазадан, абактан качуу же өзүнүн тергөө жүрүп жаткан кездеги абалын жеңилдетип алуу максатында барышат. Күч органдары чындап иликтеп келсе, жеке клиникалардын да бул ишке катышы болот. Эмне үчүн башка клиникалар албайт да, абактагы саясатчылар саналуу клиникаларга гана барат? Бизде саясий клиникалар, саясий кофейнялар, саясий мончолор пайда болуп калган. Себеби ал жерлерге ишенимдүү түрдө барасыз, жакшы каражат төлөп бересиз. Анан ошол жердеги дарыгерлер операция кылып, ооруду деп жазып, сизди жазадан куткарганга шарт түзүп берет. Кеп ошол жакта. Анын баары коррупциялык элемент, баары келишүү. Албетте күч органдары ага бөгөт койсо болот, бирок тилекке каршы, ошондой практика бизде орун алып калган. Аны чечүүнүн жолун таба элекпиз». 

Медиктердин айтымында, акыркы жылдары Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр оорусуна кабылгандар көбөйдү. Буга адамдын кесиби, жашоосу, кээде тукум куучулук сыяктуу бир канча фактор себеп болот. Ошондой эле эмоционалдык стрессте жүргөн адамдар да жүрөк ооруларына көбүрөөк кабылышат. Алардын катарына саясатчылар, бизнесмендер, күч органдарында иштегендер кирет.

Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунун жетекчиси, республиканын башкы кардиохирургу, профессор Калдарбек Абдрамановдун айтымында, жоопко тартылган адамдарды мамлекеттик ооруканаларга чыгаруу эрежеси өтө татаал болгондуктан, көпчүлүгү жеке менчик клиникаларга жатышат.

«Жоопко тартылбай жүргөн кезде өзүнүн саясаты, бизнеси менен болуп, жүрөгү ооруса да, маани бербей, көңүл бурбай койгондуктан билинбейт. Ал эми түрмөгө отуруп калуу сыяктуу кандайдыр бир экстремалдуу шарт болгондо, мурдагы оорулары, анын ичинде жүрөк оорусу да козголушу мүмкүн. «Түрмөгө түшкөн саясатчылардын жүрөгү ооруп калат» деген ошондон келип чыгып жатат. Экинчи жагынан, азыр түрмөлөрдө, убактылуу кармоочу жайларда медицинанын абалы өтө начар. Кардиология жаатында текшерген, дарылаган адамдар болушу керек эле. Тилекке каршы, ал жерде андай шарттар жок. Ал жакта шарттар жакшы болсо, түрмөдөн чыкпай дарыланып, ошол жакта айыгып, ооруганын эч ким деле билбей калмак. Ошондуктан жүрөгү ооруган адамдар дарылануу үчүн атайын адистешкен ооруканаларга жатууга туура келип жатат. Азыркы шартта көпчүлүгү жеке менчик клиникаларга чыгууда. Себеби, жеке менчик клиникалардагы шарт мамлекеттик клиникаларга салыштырмалуу жакшыраак. Анын үстүнө жоопко тартылган адамдарды мамлекеттик ооруканаларга чыгаруу эрежеси өтө татаал. Мисалы, бир эле врач барып ооруга диагноз коюп, чечим чыгара албайт. Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте түзүлгөн комиссия чечим чыгарып, бюрократиялык тоскоолдуктар көп болот. Убактылуу кармоочу жайлардан, абактардан мамлекеттик ооруканаларга чыгарып алып дарылоо өтө татаал. Андайдын бетин ары кылсын, андайга туш болгондор өтө кыйналышат чындыгында».

Ал эми көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек кармалган саясатчылардын көбүнчө жүрөк ооруларына кабылышын постсоветтик өлкөлөргө гана таандык көрүнүш деп эсептейт. Анын айтымында, бул — бийлик менен соодалашуунун натыйжасында жазаны жеңилдетүү жолу гана.

«Бул адамдын ден соолугу да, «калп айтып жатат, анткорлонуп жатат» дегенден алысмын. Бирок бул — постсоветтик өлкөлөргө мүнөздүү көрүнүш. Мындайча айтканда, мыйзамдагы боштуктарды колдонуп, бийлик менен соодалашуунун натыйжасында өзүнүн абалын жеңилдетүү эле. Абакка түшкөндөр же иш козголгондор автоматтык түрдө бир топ оорусу табылып, анан абактан чыккандан кийин эле «куландан соо» болуп калып жатпайбы. Бул — ошол эле бийлик менен, укук коргоо органдары менен «келишимдин» негизинде жең ичинен сүйлөшүүнүн натыйжасы. Анткени Кыргызстандагы абактардын абалы белгилүү. Ал жерде криминал башкарат, ал жерде мамлекетүүлүк менен тартип деген нерселер жок. Негизги жазадан сырткары кандайдыр бир басымга, кандайдыр бир зордук-зомбулукка, кандайдыр бир аракеттерге кабылгысы, жөнөкөй тил менен айтканда, түрмөнүн азабын тарткысы келбейт».

Эске салсак, 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаев «айыккыс илдетке чалдыкты» деген диагноз менен Нарындагы түрмөдөн бошотулган. Андан соң атайын кызматтын коштоосунда «Манас» аэропортуна келип, Грозныйга учуп кеткен. Бул боюнча кийинчерээк бир нече адамга иш козголгону да маалым. Жагдайга учурда ар кандай саясий баа берилип жүрөт.

Copyright © 2017 Maral FM