Биз менен байланышыңыз

ИИМ депутаттардын суракка чакырылган себебин түшүндүрдү

Кыска кабар | 16 Сен 2021 | 682 | 0

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине Жазык кодексинин 309-беренеси («бийликти күч менен басып алуу») менен катталган кылмышты иликтеп жатат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Буга байланыштуу 14-сентябрда Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, айтылган кылмышты жасоого шектүү катары Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаев кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Андан сырткары күбө катары Жогорку Кеңештин мурдагы жана азыркы депутаттары, мурда иштеп кеткен мамлекеттик кызматкерлер суракка алынган.

Бүгүнкү күндө бул сотко чейинки өндүрүш боюнча дагы бир катар тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM