Биз менен байланышыңыз

Молдокматов: 11 жашар кызымдын телефонун тыңшоо — саясий кысым (видео)

Кыска кабар | 2 Ноя 2021 | 922 | 0

Бүгүн, 2-ноябрда Биринчи май райондук сотунда Октябрь окуясы боюнча соттук отурум уланууда. Сотко Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов жана Фарид Ниязов алып келинет. Соттук отурум ачык өтүүдө.

Жеңиш Молдокматов бийликти ачык сынга алганы үчүн түрмөдө отурганын билдирди.

«Мен «Жетим-Тоо» кенин алып калганым үчүн, Башмыйзамды чала, шашылыш жазып чыкканына каршы чыккандыгым үчүн, бийликтин каталарын так айтып, өзүбүздүн принципти сатпагандыгым үчүн түрмөдө отурам. (Орозбек) Опумбаев жана анын кеңешчиси Үмүтбектин ата-энесинен кечирим сурап, менин ордума түрмөдө болушу керек. Тескерисинче, бийлик саясий куугунтук кылууда. Мына тинтүү менен алар ачык айтышты, «Сиздин аялыңыз менен балдарыңыздын телефону тыңшоодо» деди. Менин 11 жаштагы кызымдын телефонун тыңшоо — саясий кысым. Муну кыйноодон башка эмне деп атайбыз? Менин үй-бүлөмдүн, балдарымдын коопсуздугу коркунучта» , — деди Жеңиш Молдокматов.

Жеңиш Молдокматов ошондой эле колунда президент Садыр Жапаровду кайсы сот кантип бошоткону боюнча, «Сооронбай Жээнбеков, Кубатбек Боронов, Орозбек Опумбаев, Кашкар Жунушалиевди жоопко тарткыла» деген жүздөгөн адамдын арызы жана кимдин кайсы имаратты кантип басып алганы боюнча маалыматтар камтылган диск бар экенин айтты.

Мындан сырткары аны террорист катары, кыйноо менен абакта кармап жатканын кошумчалады.

Былтыр октябрда болгон окуяларга байланыштуу камакка алынган саясатчы Жеңиш Молдокматовго 4 берене: «Массалык башаламандыктар» беренесинин 3-бөлүгү, «Курал-жарак уурдоо же опузалап алуу», «Бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо», «Бийлик адамына күч колдонуу же коркутуу» менен иш ачылган.

Молдокматов май айынын башында былтыркы 5-6-октябрь жана 9-октябрдагы окуяларга байланыштуу камакка алынган. Ал иштин акыйкат каралышын талап кылып, 26-июлдан 5-августка чейин 10 күндөн ашык ачкачылык кармаган. Кийин ден соолугуна байланыштуу менчик клиникалардын биринде дарыланып, кайра абакка которулган. Учурда СИЗО-1де кармалууда.

Молдокматов өзүн күнөөсүз деп атап, «саясий куугунтук жүрүп жатат» деп эсептейт. Ал камакка алынганга чейин азыркы бийликтин иш-аракеттерин катуу сынга алып келген.

Copyright © 2017 Maral FM