Биз менен байланышыңыз

Бекчоро уулу: Жеңиш Молдокматовго абактан басым болууда

Кыска кабар | 1 Ноя 2021 | 450 | 0

Саясатчы Жеңиш Молдокматовго абакта басым болуп жатканын анын жардамчысы жана «Туран» партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро уулу «Фейсбук» баракчасына жазды. Бул маалыматты ага абактан анонимдүү булактар маалымдашкан.

Эрлан Бекчоро уулунун айтымында, саясий куугунтук бир да бийликти жакшылыкка алып келген эмес.

«Жеңиш Молдокматовду эркиндигинен ажыратканы аз келгенсип, абакта басымга алуу — бул: чектен чыгуу. Көз караштардын кагылышы жана принциптерин бекем сактап, чындык үчүн түрмөдө отурушу саясий куугунтук болбогондо анда эмне?» , — деп жазган Бекчоро уулу.

Былтыркы октябрь айында болгон окуяларга байланыштуу камакка алынган саясатчы Жеңиш Молдокматовго 4 берене: «Массалык башаламандыктар» беренесинин 3-бөлүгү, «Курал-жаракты уурдоо же опузалап алуу», «Бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо», «Бийлик адамына күч колдонуу же коркутуу» менен иш ачылган.

Молдокматов «саясий куугунтук жүрүп жатат» деп эсептегендиктен, берилген билдирмелерге кол койбой, көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Ал өзүн күнөөсүз деп эсептейт.

Белгилей кетсек, Молдокматов май айынын башында былтыркы 5-6-октябрь жана 9-октябрдагы окуяларга байланыштуу камакка алынган. Ал иштин акыйкат каралышын талап кылып, 26-июлдан 5-августка чейин 10 күндөн ашык ачкачылык кармаган.

Жеңиш Молдокматов камакка алынганга чейин азыркы бийликтин иш-аракеттерин катуу сынга алып келген.

Copyright © 2017 Maral FM