Биз менен байланышыңыз

Жеңиш Молдокматов 6-сентябрга чейин камакта калтырылды

Кыска кабар | 2 Июл 2021 | 557 | 0

«TURAN» саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов Бишкектеги СИЗО-1де 6-сентябрга чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди кечээ, 1-июлда Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Эске салсак, Молдокматов 6-майда камакка алынган. Ошол эле күнү эртең менен саат 10:00дө суракка кирип, саат 13:30да чыккан. Ага 8-майда Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулмаларды басып алуу») боюнча айып тагылып, эки айга камакка алынган. 

Ал эки иш боюнча сурак берип жатат: биринчиси, 5-6-октябрдагы окуяларга күбө катары, ал эми экинчиси, 9- октябрда ачылган кылмыш иши боюнча.

Copyright © 2017 Maral FM