Биз менен байланышыңыз

Жогорку Сот Мамытовдун иши боюнча БШКнын даттануусун артка кайтарды (аудио)

Кыска кабар | 2 Ноя 2021 | 2497 | 0

Жогорку Соттун административдик иштер боюнча коллегиясы БШКнын Талант Мамытов боюнча кассациялык даттануусун карап чыгып, артка кайтарды.

Жогорку Сот төмөнкү негизде кайтарып берүүгө жатат деп тапкан:

Административдик-процессуалдык кодекстин 249-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, кассациялык даттанууну берген адам тарабынан кол коюлат. Өкүл тарабынан берилген даттанууга ишеним кат же өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн башка документ тиркелүүгө тийиш.

Юридикалык жактан юридикалык жетекчисинин колу, ошол юридикалык жактын мөөрү менен ырасталат.

Иштин материалдарына караганда БШКнын датттануусу 2021-жылдын 12-февралындагы ишеним каттын негизинде өкүл М. Кутбердиев тарабынан кол коюлган.

Бирок административдик-процессуалдык кодекстин 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн талабы сакталбастан, кассациялык даттанууга талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлбөгөн ишеним кат тиркелгендиктен, анын ишенимдүүлүгүн аныктоо мүмкүн эмес жана ал өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу далил катары кабыл алынууга жатпайт.

Аталаган кодекстин 254-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, эгерде даттануу ушул кодекстин 249-беренесинин 3-бөлүмүн бузуу менен берилсе, кассациялык даттануу кассациялык инстанциядагы сот тарабынан даттанууну берген адамга кайтарылып берилет.

24-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду 28-ноябрда өтө турган шайлоого талапкер катары каттоодон баш тартты. Мыйзам боюнча жогору кызматты ээлеп турган жаран депутаттыкка талапкерлигин коюу үчүн кызматын тапшырышы керектиги белгиленген.

28-октябрда Бишкектин административдик соту «Ынтымак» партиясынын талапкер Талант Мамытовду каттоодон баш тартуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамсыз деп тапкан.

1-ноябрда БШК Талант Мамытовдун иши боюнча Жогорку Сотко кайрылган.

Copyright © 2017 Maral FM