Биз менен байланышыңыз

Жаңы Конституцияга адам укугун коргоо боюнча 44 берене кирди

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Фев 2021 | 1071 | 0

Жаңы Конституциянын долбоорунда адам укугун коргоо боюнча 44 берене киргизилди. Бул тууралуу Акыйкатчы Токон Мамытов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү адам укуктарын коргоо беренелерин жапырт колдоп берди. Эгерде мүчүлүштүктөр болсо, парламент толуктап коёр.

Аракеттеги «Балдар» кодекси жакшы жазылган, бирок жакшы иштетилбей жатат.

Балдарга, аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук маданий психологиядан жана социалдык, экономикалык маселелерден улам келип чыгууда.

Мындан тышкары, ата-эне, коомчулук балдарды тарбиялагандын ордуна каржылап жаткандыктан, терс көрүнүштөр орун алууда. Маданият, билим, тартип орун алган үй-бүлөлөрдө терс көрүнүштөр байкалбайт.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 84 миң баланын ата-энеси мигрант болуп жүрөт. Алардын 3 миңден ашыгы алыскы тууган, алыс тааныштарына калтырылган.

Copyright © 2017 Maral FM