Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда эң көп аялдардын укугу бузулат

Коом | 10 Дек 2020 | 1899 | 0

Бүгүн дүйнө коомчулугу Эл аралык адам укугун коргоо күнүнүн 72 жылдыгын белгилеп жатат. Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов аталган күнгө карата кайрылуу жасады. Ал өз сөзүндө Кыргызстан эгемендикке ээ болгон күндөн тарта укуктук мамлекетти куруу жолуна түшүп, Конституцияда адамдын жогорку баалуулугу катары анын укуктары жана эркиндиги белгиленгенин айтты.

Быйыл өлкөдө пандемияга байланыштуу Акыйкатчы институтунан жардам сурап кайрылгандар азайганын, болгону 10 миңдей гана кайрылуу түшкөнүн маалымдаган акыйкатчы Токон Мамытов Кыргызстанда акыйкат издегендердин басымдуу көпчүлүгү укук коргоо органдары менен сотторго нааразы болгондор экенин, ошондой эле акыркы учурларда социалдык-экономикалык жагдайлар боюнча, тактап айтканда, мүлк бөлүшүүдөгү келишпестиктерден улам жана бизнесин тарттырып ийип кайрылгандар көп болуп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, быйыл демилгеленген Башмыйзамдын жаңы долбооруна адам укугу боюнча беренелерди камтууну сунуштап жатат.

«Биз: «Толук түрдө милдеттеме алабыз», — деп, адам укугун коргоо боюнча 27 документке кол койгонбуз. Мына ошолорду эске алып туруп, аларды жаңы Конституцияга камтып кетүү керек. Бирок баарын эле көчүргөнгө болбойт. Биз кыргыздын каада-салтын, жарандардын көз карашын, буга чейинки жетишкендиктерибизди жана кетирген кемчиликтерибизди эске алып, эл аралык тажрыйбаны да унутпай, биздин каада-салтыбызга туура келген жагын алып, андан  кийин гана адам укугу боюнча жаңы Конституцияга кийирсекпи деген ойдобуз. Биз берген сунуштардын көпчүлүгү эл аралык уюмдар тарабынан колдоого алынып, парламентке сунушталууга даярдалып жатат».

Укук коргоочу Динара Ошурахунованын айтымында, Кыргызстанда эң көп аялдардын укугу бузулат. Алардын жумушка орношуусунда, саясатка катышуусунда бут тосуулар көп болот, бирок көмүскөдө калып келет. Ошол эле учурда мамлекеттик органдарда иштеген аялдар туура эмес иш жасаса, аял болгону үчүн эң көп сынга кабылат.

«Бизде негизи эң көп укук бузган тарап — мамлекет, мамлекеттик органдар. Анткени, Конституция боюнча мамлекеттик органдар баарына бирдей шарт түзүп берүүгө милдеттүү. Бирок бизде 30 жылдан бери тандоо принциби менен карашат. Эгерде адамдын бийлиги жана акчасы болсо, анын суроолору оңой чечилет. Эгерде колунда жок, колдоочулары аз болсо, эч ким жардам бербейт. Сот системасында да бийликтегилерге, акчалууларга иш ачылса, оңой кутулуп кетет. Негизи өзү мамлекет укуктарды бузбоо керек, шарт түзүү керек. Мыйзамда акыйкатчынын сунуштары сунуш катары эле жазылып калган. Мамлекеттик органдар алардын сунуштарын аткарганга милдеттүү эмес. Ошондуктан акыйкатчынын функциясын кеңейтүү керек».

Мындан сырткары, ал акыйкатчынын адам укуктарынын бузуулусу боюнча парламентке берген отчетун депутаттар угуп гана тим болгонун, кылдат көңүл буруп, оңдоого кеңеш бербегенин сынга алды.

Ал эми Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова акыйкатчынын функциялары жетиштүү экенин, керек болсо ыйгарым укуктары боюнча Башкы прокурордон да күчтүүлүгүн айтып, акыйкатчылар ушул күнгө чейин укуктарын колдоно албай жатканына токтолду.

«Акыйкатчынын сунуштары мамлекеттик органдар тарабынан толук аткарылбай келет. Акыйкатчынын өзүнүн да ошону аткарта турган сунуштары болушу керек. Ошондуктан мыйзамга толуктоолорду киргизип, акыйкатчынын көрсөтмөлөрүн аткарбаганы үчүн жоопкерчилик каралышы керек. Анткени акыйкатчылар изилдейт, аныктайт, көрсөтмө берет. Бирок ошонун аткарылышын өздөрү көзөмөлдөбөй жатат да. Акыйкатчы өзүнүн салмагын, даражасын көтөрүүсү үчүн ушул тараптан иштеши керек. Азыркы күндө мамлекеттик механизмде акыйкатчылар өз ордун таба элек».

1948-жылдын 10-декабрында Бириккен Улуттар Уюму «Бүткүл дүйнөлүк адамзаттын укугу жөнүндө» декларация кабыл алган. Буга байланыштуу дүйнө жүзүндө жыл сайын 10-декабрда Адам укуктарын коргоо күнү өткөрүлөт. Ал эми Кыргызстанда 2003-жылы Өкмөт токтом кабыл алып, ошол жылдан тарта бул датаны расмий белгилөө салтка айланган.

Copyright © 2017 Maral FM