Биз менен байланышыңыз

Үй-бүлөлүк зомбулук аз катталган аймак аталды

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Дек 2020 | 712 | 0

Үй-бүлөлүк зомбулук эң көп Бишкек шаарында жана Чүй облусунда, эң аз Баткен облусунда катталат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан сактоо жана коргоо бөлүмүнүн башчысы Айкөл Тургунбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жер-жерлерде курамына айылдык активисттер, ыктыярчылар, аксакалдар, айыл өкмөттүн кызматкерлери, дарыгерлер, мугалимдер кирген 470 комитет иш алып барат. Алар чыр чыккан үй-бүлөлөр менен иштешип, профилактикалык жумуштарды жасашат.

«Биз комитеттердин ишин жогорулатып, курамды окутууну пландап жатабыз. Анткени зомбулукка кабылып, бирок эч кимге айтпай жүргөн фактылар болушу ыктымал», — дейт Турганбаева.

Copyright © 2017 Maral FM