Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы аппараты социалдык мекемелерге мониторинг жүргүздү

Кыска кабар | 25 Ноя 2021 | 418 | 0

10-декабрь Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата Акыйкатчы институту бир айлык жарыялаган. Мунун алкагында институттун кызматкерлери Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы социалдык-стационардык мекемелерди, абактарды кыдырып, мониторинг жүргүзүштү.

Кызматкерлер мекемелердин абалы менен таанышып, андагы адамдар менен маектешүүлөрдү өткөрдү. Ошондой эле аларга адам укуктары боюнча маалыматтар берилди.

Мониторинг жүргүзүү Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын каржылык колдоосу астында уюштурулган.

Copyright © 2017 Maral FM