Биз менен байланышыңыз

Партиялардын «Фейсбуктагы» жарнамага короткон каражатын мониторинг кылуу (түшүндүрмө)

Кыска кабар | 8 Сен 2020 | 818 | 0

Кыргызстанда парламенттик шайлоого катышып жаткан саясий партиялар «Фейсбук» социалдык тармагындагы рекламаларга канча каражат коротуп жатканын жарандар ачык мониторинг кылса болот. Тактап айтканда, «Фейсбук» саясатка, шайлоого жана жалпы коомдук мааниге ээ маалыматтарды рекламалоодо атайын шарттарды иштеп чыккан. Ага ылайык, рекламага коюлуп жаткан пост идентификациялык маалыматтарын так көрсөткөн жаран же баракча аркылуу гана ишке ашат. Бул өз кезегинде кайсы өлкө болбосун, саясий процесстердин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатын көздөйт.

Ал эми катардагы жарандар саясий жана шайлоого байланыштуу рекламаларды кайсы баракча, канча каражат менен таргетке койгонун бул шилтеме аркылуу  www.facebook.com/ads/library/report  «Фейсбуктун» китепканасына кирип көрүп, мониторинг жүргүзсө болот.

  1. Жогорудагы шилтеме менен кирип, оң тараптан «Киргизия» деген жерди басуу керек:

2. Андан ылдый түшкөндө Кыргызстанда саясий же шайлоого байланышкан рекламанын саны жана ага коротулган каражаттарды жалпы суммасы көрсөтүлгөн (төмөнкү скриншот 8-сентябрь, саат 17:39га карата тартылган).

3. Андан кийинки бөлүктө «Фейсбуктагы» кайсы баракчага, ким тарабынан канча жолу реклама коюлганы ачык көрсөтүлүп турат.

Учурда «Фейсбуктун»  китепканасындагы 8-сентябрга карата алынган маалыматта, Кыргызстанда жалпы 915 саясий рекламага 4522 доллар коротулганы көрсөтүлүп турат. Эскерте кетүүчү жагдай, бул сумма рекламаны социалдык тармакка берип жатканда «саясий максаты бар» деген функцияны белгилеген баракчаларга гана тиешелүү.

Copyright © 2017 Maral FM