Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы институту шайлоону мониторинг кыла баштады

Кыска кабар | 20 Ноя 2021 | 557 | 0

20-ноябрынан 2021-жылдын 2-декабрына чейин Акыйкатчы институту Жогорку Кеңешке шайлоонун жүрүшүнө байкоо салууну баштады. Бул максатта укук коргоочулар бир катар семинарлардан жана онлайн тренингдерден өтүштү. 20-ноябрда башталган байкоо иши 2-декабрга чейин уланып, 3 этапта мониторинг жүргүзөт.

— Шайлоо алдындагы үгүт иштерине мониторинг жүргүзүү;

— Добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү;

— Шайлоодон кийинки процесске мониторинг жүргүзүү.

13 күндүк мониторинг республика боюнча болот. Институттун кызматкерлери шайлоого даярдык жана үгүт иштеринин жүрүшүнө байланышкан маселелерди жеринде талдашат. Бул максатта CASCADD Борбордук Азиядагы стратегиялык талдоо, диалог жана өнүктүрүү борбору менен биргеликте 25 суроодон турган анкета иштелип чыккан. Анкеталар мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүлдү. Сурамжылоонун жыйынтыгын иштеп чыккандан кийин, алар респонденттердин айткан сындарына көңүл бурушат.

Мониторингдин биринчи баскычы 2021-жылдын 26-ноябрына чейин созулат. Шайлоо процесси учурунда мыйзам бузууга күбө болгон жарандар “115 шыр байланыш” телефонуна билдирүүнү өтүнөт.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM