Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы медициналык кызматкерлердин укугун камсыздап берүүнү Өкмөттөн өтүндү

Кыска кабар | 8 мая 2020 | 682 | 0

Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов өлкөдөгү дарыгерлердин укугун калыбына келтирүү үчүн тийиштүү чараларды көрүүнү жана маалымат каражаттарына жарыяланган маалыматтардагы фактыларды териштирүү иштерин жүргүзүүнү өтүнүп, Өкмөткө кайрылды.

Бул тууралуу аталган институттун маалымат кызматы кабарлады.

Акыйкатчы Баш мыйзамдын тийиштүү беренелерине таянып, дарыгерлердин жана медициналык кызматкерлердин, анын ичинде тез жардам кызматынын медкызматкерлеринин шарттарын жакшыртуу максатында тийиштүү чараларды кабыл алууну суранат.

Андан тышкары, Акыйкатчы дарыгерлерге, медициналык кызматкерлерге акы төлөө; COVID-19 короновирус пандемиясы жайылган аралыкта ак эмгек кылышкан дарыгерлердин, медкызматкерлердин анын ичинде тез жардам кызматкерлеринин айлык маянасынын үстүнө татыктуу кошумча акы төлөп берүү; дарыгерлердин, медкызматкерлердин, анын ичинде кичи техникалык персоналдын эмгек акысын жалпы жогорулатуу; пандемия учурунда аларды атайын жана бардык жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз кылуу маселелерин тез аранын ичинде колго алууну кайрылуу катта билдирген.

Буга чейин дарыгерлердин укуктары корголбой жатканы, алар жеке коргонуучу каражаттар менен толук камсыздалбаганы, дарыгерлерге кол көтөрүүлөр болгон айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM