Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров ЖККУнун Башкы катчысын кабыл алды

Кыска кабар | 1 Сен 2021 | 433 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун башкы катчысы Станислав Засты кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Тараптар уюм алкагында иштешүүнү, аймактык коопсуздукту жана бейпиилдикти сактоону, ошондой эле Душанбе шаарында өтө турган ЖККУ саммитин талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан ЖККУ алкагында ага мүчө мамлекеттер менен кызматташтыкка чөлкөмдөгү коопсуздуктун кепили катары өзгөчө маани берерин белгиледи.

Мындан сырткары, Башкы катчы учурдан пайдаланып, президентти Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктап, өлкө элине гүлдөп өнүгүү каалады.

Copyright © 2017 Maral FM