Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы: Адам укугун коргоого мыйзам тоскоолдук кылат

Коом , Саясат | 12 Ноя 2020 | 705 | 0

Дүйнөдө жыл сайын 10-декабрь — Адам укуктарын коргоо күнү катары белгиленет. Буга карата Акыйкатчы аппараты бир айлык иш-чаралардын программасын жарыялады. Анын максаты: калктын укуктук жактан маалымат алуусуна көмөктөшүү.

Кыргызстанда акыйкат издегендердин басымдуу көпчүлүгү — укук коргоо органдары менен сотторго нааразы болгондор. Ошол эле учурда акыйкатчылар өлкөдөгү мыйзамга киргизилген өзгөрүүлөр аларга толук жардам берүүгө тоскоолдук жаратып келгендигине нааразылык билдиришип, акыйкатчы жөнүндө мыйзамды конституциялык мыйзам кылып өзгөртүү керектигин айтып келишет.

Быйыл өлкөдө пандемияга байланыштуу Акыйкатчы институтунан жардам сурап кайрылгандар азайган, тактап айтканда, болгону 10 миңдей гана кайрылуу түшкөн. Өткөн 2019-жылы 12 миң адам түз кайрылса, аппараттын 115 — ишеним номерине 8 миңдей адам чалган. Жалпы 20 миңдей арыз-даттануу, өтүнүч келген. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов маалымдады.

Анын айтымында, акыйкат издеп кайрылгандардын жаңы тенденциясы пайда болуп, акыры учурларда бизнесин алдырып кайрылгандар көп болууда.

«Быйыл акыйкат издеп кайрылгандардын жаңы тенденциясы пайда болду. Өзүнүн жер үлүштөрүн тарттырып жиберген же бизнесин алдырып койгон, өзгөчө былтыр жаздан бери экономикалык укуктары бузулган фактылар көп болууда. Мурда мигранттардын укуктары боюнча көп маселе болчу, азыр деле аягына чейин жоюлду деп айта албайбыз. Бирок Евробиримдикке киргенден кийин эмгек мигранттарына мурдагыга салыштырмалуу бир топ жеңилдиктер болду. Ошол эле учурда 2019-жылдын 1-январынан баштап, жаңы кылмыш кодекстери жана башка кодекстер кабыл алынды. Мунун оң пайдасы да болду, бирок өзгөчө өмүр бою эркинен ажыраган адамдардын укуктары мурдагыга караганда оорлошуп, укуктары бузулуп жатат. 

Мындан сырткары ал «Акыйкатчы жөнүндө» мыйзам жаңы кодекстерге дал келбей, эффективдүү иш жүрбөй жатканын айтты. Анткени өзгөчө сот жана тергөө процесси жүрүп жатканда «омбудсмен кирише албайт» деп жазылып калган. Ошондуктан айрым сот, тергөө иштеринде адам укугу бузулган бир топ факты катталууда, бул маселеде укук коргоочулар толук кандуу иштей албай келишет.

«Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы жөнүндө» мыйзамды жөнөкөй катардагы мыйзам кылбай, деңгээлин көтөрүү керек. Мурдагы эле мыйзамды алып, аны конституциялык мыйзам кылып өзгөртүү керек. Ошондо адамдардын укугу толук корголмок».

Жалпы өлкөнүн жарандарынын укуктарын тебелетпөө үчүн биринчи кезекте ачык-айкындыкты камсыздап, укуктук аң-сезимди көтөрүү керектигин укук коргоочу Рита Карасартова белгиледи.

Анын айтымында, ачык-айкындык болбогон жерде, бирөөнүн кызыкчылыгы, коррупция, адамдын укугун тебелөө башталат. Ачык-айкындык болбосо, жалпы кыргыз элинин укугун тебелөөгө шарт түзөт. Ошондой эле кызматтык кылмыштардын баарынын УКМКга өткөрүлүп берилиши, көп адамдардын укугун коргоого тоскоол болот.

«Жүрөктү өйүгөн, көптөн бери чечилбей келе жаткан маселе — тепки жана кыйноо. Тергөө учурунда өз мойнуна алды дедирткенге такап, кыйноого, ур-тепкиге алат. Анын аркасы менен «мен кылмышты жасадым» деп моюнга алып беришет. Эл аралык келишим боюнча адам өзүнүн эле көрсөтмөсү менен күнөөлүү деп табылбашы керек. Жок дегенде факты да болуш керек деген нерсеге карабай, көптөгөн адамдардын бейкүнөө түрмөдө жатканын билем. Мурун укук коргоочулар кыйнаган, тепкиге алган укук коргоо кызматкерлерин соттотконго чейин барганга аракет кылып, көп иш жасап келгенбиз, бирок 2016-жылы кызматтык кылмыштардын баарын УКМКга берип койгондон кийин бул иш таптакыр токтоп калды. УКМК табигатынан жабык орган болгондуктан, тергөө жүрүп жатса да, эч кандай маалымат бербейт, сотко барганда деле жабык өткөрүп койгонго аракет кылат. Бул аябай чоң мүчүлүштүк болуп, ата-энелери боздогон бойдон калып жатышат.  Адамдын ден соолугуна, психикасына зыян келтирип, тагдырын талкалаган жак — ушулар».

Мындан сырткары ал кызматтык алдамчылык деген да бар экенин айтып, бир иш менен милицияга кайрылса, алар граждандык ишти кылмыш ишке оодарып, акча талап кылып, «соттолуп кетесиң» деп коркутуп, укук коргоо органдарынын аркасы менен бир тарапка чечип берген учурлар бар экенин кошумчалады.

Ал эми экс-депутат Ишенбай Кадырбеков катардагы мыйзам менен конституциялык мыйзамдын айырмасы деле жок экендигин айтып, акыйкатчынын иш алып баруусу өзүнөн көз каранды деп эсептей турганын билдирди.

«Кайсы гана акыйкатчы болбосун, анын талабын аткарбаса, өзгөртүштүн кереги деле жок. Бүгүнкү күнгө чейин бир да акыйкатчы ушул мыйзамдын негизинде иштей албадым деп айта элек. Азыр иштей албаса эле Конституция, мыйзам күнөөлүү деп чыгышат. Эч нерсени өзгөртүүнүн кереги жок. Акыйкатчылар өздөрү эле ошол мыйзамды аткарышпайт, билишпейт. Жөнөкөй мыйзам менен конституциялык мыйзамдын эч бир айырмасы жок. Болгону кабыл алганда жана ага өзгөртүү киргизгенде, парламенттин үчтөн экисинин добушу керек». 

1948-жылдын 10-декабрында Бириккен Улуттар Уюму «Бүткүл дүйнөлүк адамзаттын укугу жөнүндө» декларация кабыл алынган. Буга байланыштуу Кыргызстанда жыл сайын Адам укуктарын коргоо күнү 10- декабрда белгиленет. Бул боюнча 2003-жылы Кыргыз Өкмөтү токтом кабыл алган.

Copyright © 2017 Maral FM