Биз менен байланышыңыз

Исаков: Конвенция кабыл алынса өзгөрүү дароо болот

Күн чекит | 18 Янв 2019 | 1060 | 0

Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясы ратификацияланып калса, анын алкагында ишке ашырыла турган иш-чаралар үчүн бюджеттен 6,6 млрд сом каражат талап кылынат. Андан тышкары, 75 улуттук мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилүүгө тийиш. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын жыйынында билдирди. Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын кабыл алуу маселеси жана уюм алдындагы милдеттер  тууралуу “Күн чекит” программасында “Майыптыгы бар адамдарга жардам көрсөтүү” фондунун жетекчиси Толкун Исаков айтып берди.

Марал: Эми Бириккен Улуттар уюмунун бул конвенциясы кабыл алынышы мүмкүнбү? Анткени уюм алдында бир катар чоң милдеттер да турат.

Исаков: Менин оюмда, бүгүнкү күнү конвенцияны кабыл алууга тиешелүү шарттар бар. Жогорку Кеңеш дагы жакынкы арада конвенцияны колдойт. Буга президент да кол коюп берет деп ишенем. Бүгүнкү күнү жарандык коомдун жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үмүт да чоң.

Марал: Конвенцияда майыптарды турак-жай менен камсыз кылуу милдети да бар. Учурда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү жектелген 181 миңден ашык  жаран бар. Бул жарандарыбыздын турак-жай маселесин чечүүнүн жолун эмнеден көрөсүз? Же бул этап-этабы менен ишке ашчу процесспи?

Исаков: Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди турак-жай менен камсыз кылуу бул конвенциянын алкагына кирбейт. Бирок биздин мамлекетте көптөгөн мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар турак-жайга муктаждыгы бар болгонуна байланыштуу бул жагы да эске алынган. Ошондо эмне себептен бул иштерге чоң сумманын айтылуусу боюнча да корутундулар берилген. Конвенцияда майыптыгы бар жарандарга шарт түзүп берүү жагы гана айтылат.

Марал: Шарттарга келсек, негизги тез арада чечилиши керек болгон маселе кайсылар?

Исаков: Эң негизгиси конвенция кабыл алынгандан кийин мамлекеттин социалдык саясат тамыры менен өзгөрүшү керек. Анткени бүгүнкү күнү аткаминерлер тараптан кабыл алынган чечимдер көпчүлүк учурда медициналык мамиле менен негизделип келет. А конвенция болсо, укуктук жана социалдык жакка көңүл бурулганы менен айырмаланат. Бул деген биздин мыйзамдарыбызда дагы  майыптыгы бар адамдардын укуктары жогору коюлат дегенди туюнтат.

 Марал: Конвенция кабыл алынаары менен биздин жарандардын жашоосуна чыны менен өзгөрүү алып келе алабы?

Исаков: Эми дароо билине калбаса да кыска мөөнөттүн ичинде чоң айырма байкалат. Орто эсеп менен 10 жылда демекмин. Жогоруда айтылган 6,5 млрд сом эртең эле төлөп бер деген нерсе эмес. Ал ошол он жылга каралган. Бул мөөнөттө ушул сумма майыптарга шарт түзүп берүүдө жумшалышы керек.

Марал: Маегиңизге рахмат!

 

 

Copyright © 2017 Maral FM