Биз менен байланышыңыз

Түркияда 110 журналист камакта отурат

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Фев 2019 | 729 | 0

Адам укуктары боюнча Европа Кеңеши Түркияда абакта отурган журналисттердин саны 2018-жылдын соңуна карата 110 болгонун жарыялады. Бул тууралуу уюмдун расмий порталына жарыяланган 2018-жылдагы адам укуктары боюнча докладында айтылат.

Докладда айтылгандай, Европа Кеңешине мүчө өлкөлөрдө жалпысынан 130 журналист түрмөдө отурса, алардын 110 Түркияда.

«2016-2018-жылдар арасында киргизизилген өзгөчө кырдаалдар алкагында өлкө боюнча 200дөн ашуун журналист соттолуп, камалган. Түркия дүйнө жүзундө эң көп журналист камалган өлкө болуп саналат. Сөз эркиндиги боюнча болсо эң арттагы мамлекеттердин катарына кошулду» ,- деп докладда жазылган.

Эске салсак, 2016-жылдагы «ишке ашпай калган төңкөрүш аракети» делген окуянын артынан Эрдоган режими менен бирдей пикирде болбогон бардык медиа компаниялар төңкөрүшкө катышы бар делип жабылып, андагы журналисттер соттолгон. Камалгандардын арасында Мехмет жана Ахмет Алтандар сыяктуу эл аралык деңгээлде белгилүү жазуучу-журналисттер да бар.

Copyright © 2017 Maral FM