Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстандагы жетишкендиктердин бири — сөз эркиндигибиз»

Саясат | 14 Окт 2022 | 431 | 0

Бүгүн Бишкектин Эркиндик гүлбагында жөө жүрүшкө чыккан ондогон активист жана журналисттер өлкөдө медиалардын ишмердүүлүгүн чектөөгө каршы чакырык таштады. Алар бийликтин сөз эркиндигине каршы иш-аракеттери натыйжасыз болорун, тескерисинче өздөрүнө кедергисин тийгизерин айтышат.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев буга чейин депутат Надира Нарматованы үч редакцияны жаптырууга парламентте кол чогултуп жүрөт деп айткан. Аны айрам парламенттик кабарчылар да айтып, чогултуп жаткан кол тамгалар Кактус Медиа, Азаттык радиосу жана Клооп басылмасына каршы экенин айтышкан. Бирок Надира Нарматова буларды четке кагып, андай кол тамга чогултуу болбогонун билдирген.

Жөө жүрүштө жарандык активист Атай Бейшенбек бийлик тарыхтан сабак алышы керектигин айтты. Активист сөз эркиндигине чектөө коюуга мурдагы бийликтегилер да аракет кылышканын, бирок бул аракеттер натыйжасыз болуп келерин эске салды.

“Бийликтен көз карандысыз, эркин массалык маалымат каражаттарына жана активисттерге эч кандай чектөөлөр болбошу керек. Албетте, жоопкерчилик маселеси бар, ал бөлөк. Тескрисинче, жоопкерчилик болушу керек дегенди ушул маалымат каражаттары талап кылып келет. Ак үйдө болобу, акимиат, айыл өкмөттө болобу, туура эмес иштерди айтып, чындыкты элге жеткирип турат ар дайым”, — деди Бейшенбек.

Активист жарандарды көз карандысыз маалымат каражаттарын жана сөз эркиндигин колдоого үндөп, кайдыгер карабоого чакырды.

Ал эми Журналисттер коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков Кыргызстанда медиалар өз функциясын так аткарып жатканын айтып, журналист жана блогерлерге каршы чакырыктар мыйзамсыз деген ойдо.

“Массалык маалымат каражаттары өз кызматын так аткарып келишет. Отуз жылдан бери бир да күн Кыргызстанды маалыматсыз калтырган эмес. Ушул убакытка чейин керек болсо президенттерге чейин качып кеткен учурлар болгон, бирок журналисттер качып кеткен бир да учур болгон эмес. Кечээгидей “үч редакцияны жабыш керек” деген мыйзамсыз чакырыктар болбошу керек. Биз ага каршыбыз. Эгер жоопкерчиликке тартылыш керек болсо, мыйзам чегинде иш алып барылышы керек”, — деди Дүйшөнбеков.

Ал эми журналист Али Токтакунов ар дайым кыйын кырдаалда журналисттердин салымы зор болуп келерин, бүгүн алар түптөгөн сөз эркиндигине доо кетип, аны талкалоо аракеттери болуп жатканын айтат. Ал жарандарды мындайга биргеликте каршы турууга үндөдү.

“Сөз эркиндигин бийлик орноткон жок. Сөз эркиндигин коррупционерлердин пахтакор арзыматтары орноткон жок. Сөз эркиндигин жүз миңдеген карапайым жарандар менен биргеликте ушул талыкпаган журналисттер орноткон. Сөз эркиндиги – бул биздин зор баалуулугубуз жана жеңишибиз. Муну акыркы Баткен окуялары дагы бир ирет көрсөттү. Сөз эркиндигинин арты менен биз дүйнөгө алардын агрессиясын далилдеп, көрсөттүк. Аларда сөз эркиндиги жок болгондугу үчүн бизчелик боло алышкан жок. Эми ошол сөз эркиндигин, күчтүү журналисттерди талкалап, күчтүү медиаларды жаптырып жок кылалы деген аракеттер болуп жатат. Биз буга такыр жол бербешибиз керек”, — деди Токтакунов.

Сөз эркиндиги боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кесиптешинин кол чогултканы тууралуу так маалыматы жок экенин, канткенде да сөз эркиндигин эч ким жокко чыгаралбасын айтат.

“Кыргызстанда сөз эркиндигин чектөө мүмкүн эмес. Анткени, элдин мүнөзү илгертен “баш кесмек бар, тил кесмек жок” деп айтылагандай эле бар. Бирок ошол эле учурда сөз эркиндиги менен бирге жоопкерчиликти дагы сезишибиз керек. Ошондо эркиндиктин баасы, баркы болот. Мен өзүм сөз эркиндигин колдойм жана коргойм, бул бизде болушу керек. Ал эми кесиптешибиздин сөзү боюнча мен өзүнө жолугуп тактайын деп жатам, чын эле ошондой болдубу же болбодубу деп”, — дейт Шакиев.

Кечээ Азаттык радиосунун алдындагы митингден кийин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Азаттык” радиосуна комментарий берип, бийлик сөз эркиндиги толугу менен колдой турганын, жарандар элдин биримдиги жана өлкөнүн бүтүндүгүнө доо кетирбеген пикирлерден башкасына чектөө болбостугун айткан.

Copyright © 2017 Maral FM