Биз менен байланышыңыз

«Спутник» агенттигине коркутуу болду

Кыска кабар | 10 Окт 2020 | 767 | 1

«Спутник» маалымат агенттиги белгисиз адамдар тарабынан коркутуу болгонун кабарлады. Анда, 30дай адам редакциянын имаратына келип, Өкмөт үйүнүн алдында болуп жаткан Садыр Жапаровду колдоо акциясын чагылдыруу үчүн кабарчы жиберүүсүн талап кылышкан. Жарым сааттын ичинде кабарчы жөнөтпөсө, редакцияга кайтып келишерин айтып, кетип калышкан.

Социалдык тармактарда «Азаттык» радиосуна жана бир катар маалымат каражаттарына да коркутуулар болгону айтылып жатат.

«Азаттыкка» байланышканыбызда, радионунун имаратына эч ким келбегенин, редакцияны ыктыярчылардан турган элдик кошуун кайтарып, бирок социалдык тармактар аркылуу ар кандай коркутуулар болуп жатканын билдирди.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур. Башкортостан

    10.10.2020 19:14

    Журналистер реалдуу корсотпой ох пикириерди тануулап коюп жатасынар. Тен карап, бардыкж жерге барышынар керек, кимге колдоо корсотсонор ошону мактап чагылдырып жатасынар, бизди коркутту деп Садырды жаман корсотуп жатасынар, алар келгиче»озунор барбайсынарбыю

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM