Биз менен байланышыңыз

Жапаров «Азаттык» радиосунун президентин кабыл алды

Кыска кабар | 14 Сен 2021 | 477 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда «Азаттык» радиосунун президенти жана башкы директору Жейми Флайды кабыл алды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан сөз эркиндигин туу туткан, демократиялык принциптерди сыйлаган эркин өлкө экенин маалымдады. Ошону менен бирге жалпыга маалымдоо каражаттары объективдүү, ар тараптуу болуп, дүйнөдө таанылган чыныгы журналисттик принциптерди бекем карманып иштеши зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Жейми Флай Кыргызстанда массалык маалымат каражаттарына, анын ичинде «Азаттык» радиосунун иши үчүн бардык зарыл шарттар бар экенин айтты.

Буга байланыштуу медиакорпорациянын президенти өлкө жетекчилигине түзүлгөн шарттар үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан сөз эркиндиги коомчулуктун күнүмдүк жашоосунун ажырагыс бөлүгү болгон ачык өлкө экенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM