Connect with us

«Саймаити боюнча иликтөө Орусия менен алакага да доо кетирет»

Кыска кабар | 22 Ноя 2019 | 1847 | 0

Айеркен Саймаити боюнча “Азаттык” радиосунун иликтөөсүнүн экинчи чыгарылышында айтылган маалыматтар Кыргызстандын өнөктөш мамлекеттер менен  болгон мамилесине доо кетирет. Мындай пикирди экс-депутат Равшан Жээнбеков “Маралга” билдирди.

Ал Кытайдан келген товарлар Кыргызстан аркылуу Орусия, Казакстанга реэкспорт болгону бул өнөктөш мамлекеттер менен болгон мамилеге доо кетирерин айтты:

Иликтөөгө карай турган болсок, эки чоң өнөктөш өлкөгө — Орусия, Казакстанга товарлардын реэкспорт болгону, мыйзамсыз аткезчилик алакалардын болгонунан кабар берет. Эми Кыргызстандын бийлиги алардын ишенимин кантип калыбына келтирет деген маселе турат, — деди Равшан Жээнбеков.

Эске сала кетсек, кечээ «Азаттык» радиосунун «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттигинин биргелешкен иликтөөсү эфирден жарыяланды. Анда Түркияда атылып өлтүрүлгөн Айеркен Саймаити жана Кыргызстандын бажысы аркылуу чыгарылган миллиондор боюнча маалыматтар айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM