Биз менен байланышыңыз

«Азаттык» партиясы шайлоонун жыйынтыгын сотко берди

Кыска кабар | 27 Дек 2021 | 1809 | 0

«Азаттык» партиясы шайлоонун жыйынтыгын сотко берди. Отурум бүгүн, 27-декабрда Жогорку Сотто саат 15:00дө болот. Бул тууралуу аталган партиянын мүчөсү, абактагы саясатчы Бактыбек Калмаматовдун «Фейсбук» баракчасына жарыяланды.

Маалыматта «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 21-беренесине ылайык, «Бардык талапкерлер бирдей укуктарга ээ жана бирдей милдеттерди аткарышат, катталган талапкер кылмыш жоопкерчилигине тартылышы, камакка алынышы же соттук жазага тартылышы мүмкүн эмес» экени көрсөтүлүп , Калмаматовду камоо мыйзамсыз экени жазылган.

Ошондой эле талапкердин конституциялык мыйзамда белгиленген укуктары жана кепилдиктери шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин, ал эми талапкер шайлоонун натыйжаларына даттанган учурда соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин колдонула турганы белгиленген.

Мындан тышкары «Азаттык» саясий партиясынан талапкер Бактыбек Калмаматов камакка алынган кезде да, учурда да талапкер макамы сакталуу экени, мындан улам анын мыйзамдагы укугу бузулганы көрсөтүлгөн.

Бактыбек Калмаматов 22-декабрда түнкүсүн «Манас» аэропортунан кармалган. Ага «расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен айыпталып жатат. Ал Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 24-декабрдагы чечими менен 2022-жылдын 9-февралына чейин камакка алынган.

Саясатчынын тарапташтары коюлган айыпты четке кагып, куугунтук катары сыпатташууда.

Copyright © 2017 Maral FM