Биз менен байланышыңыз

Акын, журналист Зайырбек Ажыматов дүйнө салды

Кыска кабар | 29 Апр 2020 | 2161 | 0

29-апрелде белгилүү акын, журналист Зайырбек Ажыматов дүйнө салды. КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер 44 жашта болчу. Ал 1976-жылы Аксы районунун Ак-Жол айылында туулган. Эмгек жолун 1998-жылы “Асаба” гезитинен баштап, “Кыргыз Туусу”, “Бишкек Таймс” гезиттеринде иштеген. Учурда “Азаттык” радиосунда эмгектенип жаткан.

Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1993-жылы айылдык орто мектепти, 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. Акындын 3 ырлар жыйнагы чыккан.

“Марал” радиосу маркумдун жакындарына жана “Азаттык” радиосуна көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

https://www.youtube.com/watch?v=of35H86HUuc&feature=youtu.be

Copyright © 2017 Maral FM