Биз менен байланышыңыз

Зулушев өкмөткө залкар инсандарга көзү тирүүсүндө кам көрүүнү сунуштады

Кыска кабар | 12 мая 2020 | 1087 | 0

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин 12-майдагы жыйынында депутат Курманкул Зулушев өкмөткө маданият боюнча кагаз жүзүндө, үстүртөн эмес, реалдуу жаңылыктарды киргизүүнү сунуштады.

Зулушев өкмөттүн 2019-жылдагы иши тууралуу отчетунда маданият боюнча мамлекеттик деңгээлдеги эл аралык иш-чаралар, көзү өткөн коомдук ишмерлердин юбилейлерин белгилөөлөр көрсөтүлгөнүн айтып, жакшы баасын берди.

Бирок отчетто маданиятка салым кошуп жаткан (тирүү залкарлар) манасчы, төкмө акындар боюнча бир да иш-чара көрсөтүлбөгөнүн сынга алды.

«Манасчы, төкмө акындар — өткөн маданиятыбыздын мурасы, келечектин үлгүсү. Кыргыз эли ошолорго карап түздөнөбүз. Жакында эле улуу залкарлар Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматовдун каза болушун коомчулук кандай дүрбөлөңгө түшүп кабыл алды? Жүрөгү бүгүнкүгө чейин ооруп турат. Бул боюнча өкмөт эч кандай билдирүү кылган жок. Келечекке болгон кам көрүү ушул жерде жатат. Таланттар көзү өтүп кеткен соң мактап, ай-асманга теңеп, канча жылдан соң юбилейин өткөрбөй, көзү тирүү кезинде иш-чара уюштурсаңыздар жакшы болот эле», — дейт Зулушев.

Депутат буга кошумча Эл артисти, төкмө акын, обончу Элмирбек Иманалиев атындагы  мамлекеттик деңгээлдеги сыйлык уюштурууга аракеттенүүгө чакырды.

Ошондой эле саналуу гана залкарлар калганын, аларга жөлөк пул, пенсия чектөө өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин колунда экенин эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM