Биз менен байланышыңыз

Зулушев Казакстан жана Өзбекстандын башкы прокурорлору менен жолугушту

Кыска кабар | 24 Сен 2021 | 668 | 0

Нур-Султан шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешинин алкагында Башкы прокурор Курманкул Зулушев Казакстан жана Өзбекстандын башкы прокурорлору менен жолугушту.

Казакстандын башкы прокурору Гизат Нурдаулетов менен болгон жолугушуусунда Курманкул Зулушев прокуратура органдарынын маалыматтык системасын өркүндөтүү, заманбап технологияларды колдонуу жаатында тажрыйба алмашууну сунуштады. Алар бул кызматташтыкты ишке ашырууда эл аралык ченемдерди эске алынарын белгилешти.

Ал эми Өзбекстандын башкы прокурору Нигматилла Юлдашев менен кездешүүсүндө «2020-2023-жылдарда Кыргызстан менен Өзбекстандын прокурорлорунун, тергөөчүлөрүнүн кызматташуусун кеңейтүү жана алардын кваливикациясын биргеликте жогорулатуу жөнүндө» макулдашууга кол коюлду.

Copyright © 2017 Maral FM