Connect with us

Тергөө менен кызматташуу — айыптан буйтап өтүү амалы

Саясат | 21 Апр 2021 | 2513 | 0

Жогорку Кеңештин эки комитети кечээ Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин 2020-жылдагы мыйзамдуулуктун абалы боюнча отчетун укту. Анда Башкы көзөмөл органынын жетекчиси Кыргызстанда тергөө менен кызматташуу деген түшүнүк жоюлушу мүмкүн экендигин айтты. Буга чейин «Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин абактан бошотулушуна да тергөө менен кызматташуу ниети себеп болгон. Бүгүнкү күндө тергөө менен кызматташуу беренеси кимдин пайдасына иштеп жатат жана ал жазадан качууга жол ачып жатабы? 

Тергөө менен кызматташуу ыкмасы 2019-жылдан тарта колдонулуп баштаган. Тагыраагы, 2019-жылы кабыл алынган Жазык-процессуалдык кодексте ушул маселе каралган. Буга чейин мындай ченем мыйзамда белгиленген эмес. Эми анын маанисине токтоло турган болсок, тергөө менен кызматташкан адам күнөөсүн мойнуна алып, бул ишке тиешеси бар өзүнөн башка да күнөөлүүлөрдү атап, далилдеп бериши керек. Жазасы ошого жараша жеңилдетилиши мүмкүн.

Кечээ, 20-апрелде өткөн парламенттеги комитеттин жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, жаңы кодекстерге өзгөртүү кабыл алынса, анда тергөө менен кызматташуу деген түшүнүк жоюлушу керектигин белгиледи. Анын пикиринде, тергөө оңой жолго түшүп, тергөөчү профессионалдык деңгээлде изденбей калды.

«Тергөө менен кызматташуу деген институтту биз жоюшубуз керек. Себеби шектүүлөр өздөрү кутулуу үчүн кээ бир күнөөсүз, ал ишке тиешеси жок адамдарды тартып, тергөө оңой жолго түштү. Бүгүн тергөөчү профессионалдык деңгээлде изденбей калды. Оперкызматкер изденбей калды, анткени ал кызматташууга барса бүттү.  Ошонун көрсөтмөсү менен тигини жоопко тартат, а шектүү жеңил жаза алып кетип жатат. Бул да — мыйзамдагы мүчүлүштүктөр. Биз ушул маселени да карап жатабыз, жаңы кодекс боюнча өзгөртүүнү сиздерге алып келебиз». 

Өзгөчө акыркы убакта жаңы бийликтин коррупционерлерге каршы «кустуруу» саясатында чуулгандуу коррупциялык иштерди уюштургандар «тергөө менен кызматташуу» деген механизмди колдонуп, саясий кызыкчылык үчүн куралга айланганы түрдүү сын-пикирлерди жаратууда. Ошондой эле кайра-кайра кайталанган мындай аракеттер коомчулуктун кыжырына тийип жатканын журналист, саясий эксперт Айданбек Акматов белгиледи. Анын айтымында, тергөө менен кызматташуу тергөөчүлөрдү кызматтык абалынан пайдалантып, коррупцияны болуп көрбөгөндөй чегине жеткирип жатат.

«Бизде тергөө менен кызматташууда кылмыш жасаган адам миллион сом уурдаса да, 50 миң сом төлөп жазадан кутулууда. Мына ушул жагы коомчулукта чоң нааразычылык жаратууда. Бул ошол эле учурда тергөөчү болобу, тийиштүү чоң кызматты ээлеген адамдар болобу, кимдир бирөөнү кармап алып, «тергөө менен кызматташасың» деп акчасын алып, кайсы бир бөлүгүн мамлекетке таштап коюп, өзүн бошотуп жибергенге негиз берип, коррупциянын болуп көрбөгөндөй чегин жаратып жатат. Бул болсо кимдин колунда бийлик болсо, тергөө амалдарын жүргүзгөндөр, тартип кызматкерлери болобу, ошолор абдан катуу пайдаланып, жалпы бизнеске, ишкерлерге терс таасирин тийгизип жатат. Негизинен тергөө менен  кызматташуу болушу керек, бирок ал жазадан куткарбашы керек».

Жогорку Кеңеш 2019-жылы кабыл алган Жазык-процессуалдык кодекстеги тергөө менен кызматташуу ыкмасынын негизги максаты жазалоону гумандаштырууга жана коррупцияны жоюуга багытталган. Кылмышкерлерди катуу жазалоонун ордуна тарбиялоо, эскертүү берүү жолу катары каралган. Буга Европа атайын 13 млн евро бөлгөн.

Милициянын ардагери, мурдагы депутат Туратбек Мадылбеков тергөө менен кызматташуу жобосун жойбостон, ага толуктоолорду киргизүү керек деп эсептейт.

Анын сунушуна ылайык, коррупционерлер мамлекетке келтирген зыянды толук төлөп эле бошотулбастан, кошумча эң аз 2-3 жыл түрмөдө отурушу керек.

«Мен 2015-жылы ошол кодекстер даярдалып, жаңы уюшулуп иштеп баштаганда сунуш бергем. Кызматташуу болсун, бирок коррупционерлер уурдаган каражаттын баарын тең толук кайтарып бергенден кийин, сотко барып, анан өзү кылмышын мойнуна алып, «мага 15-20-жыл бересиңер же дагы ошончо каражат төлөп берейин» деп, экөөнүн бирин тандап алышы керек. Жаза катары мамлекетке айып пул төлөп, бирок 15-20 жыл түрмөдө отуруунун ордуна, жок дегенде 2-3 жыл түрмөгө отуруп чыгышы керек. Мына ошондой мыйзамдарды кабыл алуу керек. Анан коррупционерлер уурдап-уурдап алып эле, 50-60 миң төлөп коюп чыгып кеткени абсолюттук түрдө туура эмес. «Эмне үчүн коррупционерлер түрмөдө отурбайт?» деп азыр элдин кыжыры келип жатат. Мына ошондо калыстык болот». 

Ал эми УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков тергөө менен кызматташуу өтө терең изилдене турган мамлекетке да, мыйзамга да туура келген, түпкүрүндө элдин кызыкчылыгын көздөгөн мыйзам болушу керек деп эсептейт.

Анын айтымында аталган жобону жакын арада юристтер, укук коргоочулар карап, сунуштарын киргизиши керек.

«Ачыгын айтканда, бул тергөө менен кызматташуу жаңы кодекс киргенге чейин мурда оозеки болчу. Тергөөчү менен шектелген адам сүйлөшүп, жардам берип, сотко келип иш бүтүп жатканда, кээде тергөөчүлөр менен болгон оозеки сүйлөшүүлөр аткарылбай калган учурлар көп болгон. Тергөөгө жардам берген адамдардын адвокаттары арыздарды жазышып, соттошкон учурлар болгон. Экинчи жагы, тергөө менен кызматташкан адам өздөрүн коргоо үчүн туура эмес маалымат берип, алдап койгон учурлар болот. Башка күнөөсүз адамдар кармалып калышы мүмкүн. Үчүнчү жагы, тергөө менен кызматташты деп тергөөчү, аны менен кызматташкан адам жана анын жактоочусу документтерди прокурорго бергенден кийин, прокурордун макул болуп, же баш тартканга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок ошол тергөө менен кызматташкан адамдардын чоң укуктары бар, күбө катары коргоно турган, күбөлөрдү коргой турган эрежелер буларга да тийиштүү болуп кетет.  Бирок ошо эле учурда кээ бир тергөө ишин алып барган адамдар өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп, мамлекетке акча төктүрүп, кандайдыр бир бөлүгүн сүйлөшө коюп, өзү алып калышы да мүмкүн». 

Кызматташуу боюнча берене АКШда, Батыш өлкөлөрүндө пайдаланылып келген. Кыргызстанда 2019-жылга чейин мыйзам чегинде жок болгону менен оозеки тажрыйбада бар болгон. Тергөө менен кызматташуу — «күнөөм бар, кылмыш кылгам, бирок мени менен чогуу жасагандардын бетин ачам» деген келишим. Ал бир эле көрсөтмө же сөз эмес, далилдер менен бекитилиши керек.

Copyright © 2017 Maral FM