Биз менен байланышыңыз

Жеенчороев: Башкы прокурор менен ич ара маселелерди чечишип алдык (видео)

Кыска кабар | 22 Сен 2021 | 706 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жеенчороев Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен болгон пикир келишпестиктерди жоюп, ич ара маселелерин такташып алганын парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Анын айтымында, алар кезигип, ортодо болгон ушак жана түшүнбөстүктөрдү жокко чыгарышкан.

«Кечээ күнү биз бүгүнкү маселелер боюнча Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен бир аз пикир келишпестикке келип калдык. Биз эмоцияга алдырып, бир-бирибизе ашыкча сөздөрдү сүйлөп алдык. Бирок кезигип, бардык маселелерди такташып алдык. Ортодо болгон ушак жана түшүнбөстүктөрдү жокко чыгардык. Мен ойлойм, биз мындан кийин конструктивдүү нукта, мыйзам негизинде так иштешип жүрөбүз», — деди Жеенчороев.

Эске салсак, кечээ, 21-сентябрда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Мирлан Жеенчороев менен башкы прокурор Курманкул Зулушев айтыша кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM