Биз менен байланышыңыз

Акча саясатына аралашкан Фролов жана финтех мыйзамы

Саясат | 29 Сен 2021 | 2145 | 0

Кыргызстандын негизги банкы болгон Улуттук банкты бир топ жыл жетектеген Толкунбек Абдыгулов кызматынан кетти. Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын басымдуу бөлүгү Абдыгулов банк тармагында узак жылдан бери ийгиликтүү иштеп келген билимдүү жана тажрыйбасы мол адис экенин, Кыргызстандын ачка-кредиттик саясатынын ырааттуу жүргүзүлүшүнө сиңирген эмгеги зор болгонун белгилешип, кызматта калуусун суранды. Айрымдары ага саясий басым болушу мүмкүн экенин айтышты. Абдыгулов өз арызы менен кеткенин, башка кызматка которуларын билдирди.

Парламент Толкунбек Абдыгуловдун отставкасын кабыл алып, президент сунуштаган Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин колдошту.

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун отставкасын кабыл алды. Добуш берүүгө катышкан депутаттардын 62си макул, төртөө каршы болду. Толкунбек Абдыгулов жети жылдан ашык убакыт Улуттук банкта иштегенин айтып, өз каалоосу менен кызматтан кетип жатканын жана президенттин атынан Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчиликке сунуш түшкөнүн билдирди.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов да президентин Толкунбек Абдыгулов боюнча ою түз экенин айтты.

-Менин кызматтан кетишимде эч кандай саясий басым болгон жок. Буга чейин айткандай эле, президент мага башка кызмат сунуштады. Кайсы кызматка барарым белгисиз болуп жаткан. Бирок азыр эле маалымат беришти. Мен президенттин буйругу менен Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп барам.

Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетишин талап кылып жүргөн депутат Самат Ибраев бүгүнкү күндө финансылык сектор аксап жатканын, буга чейин Абдыгулов менен келишпеген маселелер болгонун айтты.

«Депутаттарга абдан чоң ыраазычылык билгизип кетким келет. Бул чоң трибунада каржы секторуна ушунчалык күйүп-бышканынан чын жүрөгүнөн айтылган сөздөр болуп жатат. Чындыгында эле биз бул тармакка өзгөчө көңүл бурбасак, каржылык сектор аксагандыктан бүткүл экономикабыз аксап жатат. Толкунбек Абдыгулов менен катуу талкуулаштык, тартыштык келишпеген маселелер болду. Бирок мен ага ийгиликтерди гана каалайм. Мындан кийин дагы чогуу иштешкенге дайыма даярмын деп айтып келем. Мындан кийин да ошондой позицияда кала берем».

Толкунбек Абдыгулов мамлекеттик кызматкер болгондуктан этиканы сактап келгенин, эртеңден баштап эркин жаран катары анын дагы айта турган сөзү бар экенин кыйытты.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жеенчороев болсо, банк системасын мыкты түшүнгөн кадрга акыркы убакта чоң чабуул жасалып, бирок депутаттар ага кайдыгер мамиле кылып койгонун белгиледи.

Анын айтымында, Абдыгуловго чабуул жасаган шылуундар Жогорку Кеңештин трибунасын колдонуп, президент Садыр Жапаровдун атын жамынып алып иш жүргүзүшкөн.

«Урматтуу кесиптештер, тилекке каршы биз акыркы бир айда, тарбиясы бар, интелигент адамга «уяты жоктор» тарабынан чоң чабуул жасалгандыгына күбө болдук. Биз ага кайдыгер карадык. Шылуундар тарабынан, кара пиар менен алектенгендер Владимир Фроловдун атын айтып жатышат. Анын аты «Номос» банк менен байланышкан. Анарбек мырза, (Калматов) буга көңүл буруп койсоңуздар. «Номос» банк көп жылдан бери «Кумтөрдөн» алтын алып жүргөн. Ал «Северная казна» деген банкты банкрот кылып, болгону бир унаанын баасын салганын, анын кайра жаңы банк ачканына таң калып отургандарын «Коммерсант.ру» сайты жазды. Ал өтө шектүү кадр. Кыргызстан эмне ар кандай көз боемочулардын жери болуп калдыбы? Аны Кыргызстанга алып келгендер андан өткөн көз боёмочулар. Аркасынан Улуттук банкты күнөөлөп жатышат. Бирок, ошол айткан инсандар өздөрү бүгүн Бишкек шаарында ондогон жарандарды ыйлатып жүрөт. Мына ошол алдамчылар Жогорку Кеңештин трибунасын колдонуп, президент Садыр Жапаровдун атын жамынып алып иш жүргүзүшүүдө».

Депутат Самат Ибраев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен «Бай жана бактылуу Кыргызстан» аталышындагы концепция иштеп чыккан. Анын негизги бөлүмү каржы секторун терең реформалоого багытталган. Буга чейин аталган концепцияны ишке ашыруу сунушу депутат Самат Ибраевден түшкөнүн Владимир Фролов өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазган.

Самат Ибраев Мирлан Жээнчороевдин билдирүүсүн каралоо деп атап, муну соттошуу жана жекеме-жеке мушташуу жолу менен чечсе болорун эскертти.

Ал эми дагы бир эл өкүлү Мурадыл Мадеминов Владимир Фроловдун Самат Ибраевдин үйүндө жашап жүргөнүн айтып, анын ким экендигин жана Кыргызстанга кандай максатта келгенин УКМКнын териштирүүсүн сунуштады. Ошондой эле жакынкы убакта каржы тармагында терс көрүнүштөр боло турган болсо, ага депутат Самат Ибраев күнөөлүү боло тургандыгын кошумчалады.

«Акыркы 2-3 айдын ичинде Улуттук банктын төрагасы Абдыгуловдун тегерегинде биздин депутат Самат Ибраев тарабынавн каралоо жүргүзүлдү. Мен аны айтпай койсом болбойт. Ибраевдин үйүндө Орусиядан келген Владимир Фролов деген жашап жүрдү. Сырттан келген Фролов буга кандай маалымат берди, биздин УКМК текшерсин. Ал кандай киши? Эртең Кыргызстандын банк тармагында, финансы тармагында терс көрүнүштөр байкалса, депутат Ибраев күнөөлүү болот. УКМК Орусияга өтүнмө жиберсин. Фролов деген ким, Кыргызстанга кандай максатта келди, эмне үчүн Самат Ибраевдин үйүндө жашап жүрдү?».

Кыргызстанда каржы технологияларын тездик менен өнүктүрүүгө шарт түзүү максатында эл өкүлдөрү Бактыбек Турусбеков менен Самат Ибраев «Улуттук банк жөнүндө» мыйзамга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташкан. Ага Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов каршы пикир билдирип келген.

Жаңы сунушталган мыйзамда финтех компаниясына таандык баалуу металлдарды Улуттук банктын сактоочу жайында сактоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу каралган.

Парламенттин 29-сентябрдагы жыйынында Улуттук банктын төрагалыгына колдоо тапкан Кубанычбек Бөкөнтаев да финтех боюнча Улуттук банктын позициясын колдой тургандыгын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM