Биз менен байланышыңыз

1266 кыргызстандык чет өлкөлөрдүн абагында жатат. Көбү Орусияда

Кыска кабар | 20 Апр 2021 | 666 | 0

1266 кыргызстандык жаза мөөнөтүн чет өлкөлөрдө өтөп жатат. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев 20-апрелде Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Статистика төмөнкүдөй:

— Орусияда — 1012;

— Казакстанда — 93;

— Тажикстанда — 26;

— Өзбекстанда — 32;

— Түркияда — 14;

— Кытайда — 12 адам.

Зулушев кошумчалагандай, 2020-жылы соттолгон 51 КР жараны Кыргызстанга экстрадиция кылынган.

Copyright © 2017 Maral FM