1266 кыргызстандык жаза мөөнөтүн чет өлкөлөрдө өтөп жатат. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев 20-апрелде Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.
Статистика төмөнкүдөй:
— Орусияда — 1012;
— Казакстанда — 93;
— Тажикстанда — 26;
— Өзбекстанда — 32;
— Түркияда — 14;
— Кытайда — 12 адам.
Зулушев кошумчалагандай, 2020-жылы соттолгон 51 КР жараны Кыргызстанга экстрадиция кылынган.