Биз менен байланышыңыз

УКМК «Азаттыктын» журналисти Али Токтакуновду суракка чакырды

Кыска кабар | 2 Дек 2019 | 1209 | 1

Бүгүн, 2-декабрда «Азаттык» радиосунун журналисттери, анын ичинен бажыдагы коррупция боюнча иликтөө жасаган Али Токтакунов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле, суракка Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкулов, экс-депутат Ширин Айтматова, жарандык активисттер, Президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар чакыртылат.

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүүгө аракет жасоо» беренеси боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында, тергөө тобу иштеп жатканын кабарлайт.

29-ноябрда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов да УКМКга суракка чакырылып, беш сааттан ашык сурак берип чыккан.

21-ноябрда «Азаттык» жана «Клооп» медиаресурстарынын журналисттик иликтөөсү жарыяланып, анда бажыдагы коррупция фактылары, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ишкер Хабибула Абдукадыр менен байланыштары айтылган.

25-ноябрда Бишкек шаарында коомчулук иликтөөдө айтылган фактылардын негизинде тийиштүү адамдарга бийликтин чара көрүүсүн талап кылып, тынчтык митингин өткөрүшкөн. Алар Райымбек Матраимовдун камалышын талап кылышкан.

УКМК сотко чейинки териштирүүнүн алкагында бажы органдарындагы коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдары тууралуу жана ошондой эле бул факт боюнча башка тиешелүү маалыматтар болсо тергөө органдарына расмий көрсөтмө берүү үчүн кызматташууга чакырат. УКМКнын Нөөмөт бөлүмүнүн телефондору: 0 (312) 66-04-75; 0 (312) 62-65-04.

Тергөөнүн жүрүшү коомчулука ар дайым маалымдалып турат.

 

 

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    02.12.2019 19:56

    Элге берген маалыматын далилдеп берсин туура болот. Жыйынтыгы кандай болгондо да эл билиши керек.. Эч качан басым болбош керек.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM