Биз менен байланышыңыз

Ширин Айтматова УКМКга суракка чакырылды

Кыска кабар | 10 Июн 2021 | 783 | 0

«Ата Мекен» фракциясынан Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышынын депутаты Ширин Айтматова «Кумтөр» иши боюнча УКМКга суракка чакырылды. Бул маалыматты депутат Дастан Бекешевге таянып, «Kaktus.media» сайты жазды.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Кумтөргө» байланыштуу 4 кылмыш ишин тергеп жатат. Анын алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов, экс-депутаттар Исхак Пирматов, Талантбек Узакбаев 2 айга камалган.

1-июнда Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, азыркы депутат Дастанбек Жумабеков, дагы бир эл өкүлү Максат Сабиров УКМКга сурак берип чыгышкан. Мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов да күбө катары көрсөтмө берген.

Кечээ, 9-июнда «Кумтөр» ишине байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Данияр Нарымбаев жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алмазбек Баатырбеков камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM