Биз менен байланышыңыз

УКМК: Кыргызстанда туруктуу коррупциялык схема түзгөн 2 чет элдик жаран кармалды

Кыска кабар | 2 Мар 2020 | 593 | 0

Туруктуу коррупциялык схема түзгөн эки чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

28-февралда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын учурунда Молдованын жарандары Ш.О. жана Б.Г. кармалды.

Алар 2013-жылдан бери Кыргызстандын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кызматкерлери менен макулдашып алып, соода уюмунун жеке операторунун атынан почта кызматын жамынып Тажикстандан жана Казакстандан ташылып келинген тамеки заттарын АКШ, Канада жана Батыш Европага тиешелүү салыктарды төлөбөстөн жөнөтүү максатында туруктуу коррупциялык схема түзүшкөн.

Мындан тышкары, аталган чет элдик жарандар Кыргызстанда почта операторунун статусун колдонуп, Кытайдан түздөн-түз башка мамлекеттерге товарларды мыйзамсыз жөнөтүү каналын түзүшкөн. Бул Кыргызстан мүчө болгон Дүйнөлүк почта биримдигинин эрежелерин бузуу болуп саналат.

Аталган ишкананын иш бөлмөлөрүн жана кампасын тинтүү учурунда жалпы суммасы 6 млн сомду түзгөн Кыргызстандын акциздик маркасы жок тамеки заттары жана ошондой эле 250 миң доллар, 620 миң сом өлчөмүндө накталай акчалар табылган.

Ошондой эле банктык эсептерде 400 миң доллардан ашык каражат аныкталды. Аны менен бирге 2018-жылдагы бир жылдык киреше 240 млн сомго барабар болгон.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси (Милдеттүү түрдө акциз салынуучу продукцияны акциздик маркасыз өндүрүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалгандар УКМКнын Тергөө камагына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM