Биз менен байланышыңыз

УКМК: Бишкек мэриясынын спорт башкармалыгында коррупциялык схема аныкталды

Кыска кабар | 26 Фев 2020 | 675 | 0

Бишкек шаардык мэриясынын дене-тарбия жана спорт башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан бюджеттик каражаттарды уурдоо боюнча коррупциялык схемасы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Такталгандай, дене-тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Д.Д.Б. жооптуу адамдар менен биргеликте, спортчуларды машыгууга чыгуусун күбөлөңдүргөн фиктивдүү документтерди жасоо жолу менен бюджеттик каражаттарды өздөрүнө системалуу түрдө ыйгарып алып турган, бирок ал машыгуулар уюштурулган эмес.

Иш жүзүндө машыктыруучулар жана спортчулар аталган кагаз жүзүндөгү машыгууларга бюджеттик каражаттан 3 млн сом сарптаганы аныкталды.

Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM