Биз менен байланышыңыз

Ошто электр тармагынын кызматкерлери пара алууга шектелип кармалды

Кыска кабар | 20 Фев 2020 | 644 | 0

Оштун Ноокат районунун электр станциясынын жооптуу кызматкери С.М. жана «Ошэлектро» ишканасынын текшерүү жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору П.А. пара алууга шектелип кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалымат кызматы кабарлады.

Шектүүлөр  19-февралда 50 миң сом пара алып жаткан учурунда УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалган.

Такталгандай, аталган кызматкерлер Ноокат районунун жашоочусу Т.Б. электр энергиясын уурдаган деп, андан 283 миң сом өлчөмүндө пара талап кылышкан. Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 238-беренесинин 1-б. (кызматчынын мыйзамсыз сыйакы алуусу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды, — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда аталган факты боюнча тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM