Биз менен байланышыңыз

«Кумтөр» иши боюнча Нарымбаев менен Баатырбеков камакка алынды

Кыска кабар | 9 Июн 2021 | 836 | 0

Бүгүн, 9-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) боюнча каралган кылмыш белгилеринин негизинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Данияр Нарымбаев жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алмазбек Баатырбековго кылмышка шектүү жөнүндө билдирүү берилген.

Ошол эле күнү Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда аталган адамдарга карата тергөө бүткүчөктү камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралды.

Ошондой эле аталган кылмышка шектүү деген билдирүү Жогорку Кеңештеги мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү Дамира Молдошевага жиберилди, бирок анын үй-бүлөлүк абалын жана жашы жете элек балдары бар экендигин эске алуу менен, ага чет жакка чыкпоо жөнүндө тил кат түрүндө баш коргоо чарасы тандалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Кумтөргө» байланыштуу 4 кылмыш ишин тергеп жатат. Анын алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов, экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев 2 айга камалган.

1-июнда Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, азыркы депутат Дастанбек Жумабеков, дагы бир эл өкүлү Максат Сабиров УКМКга сурак берип чыгышкан. Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов да күбө катары көрсөтмө берген.

Copyright © 2017 Maral FM