Биз менен байланышыңыз

Президентке жамынып 1 млн. доллар пара талап кылгандарды УКМК колго түшүрдү

Кыска кабар | 11 Мар 2020 | 4544 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Коррупцияга каршы кызматы 1 млн доллар пара талап кылып, анын 250 миң долларын алып жаткандарды кармады. Бул тууралуу атайын кызматтын коомчулук менен иштөө бөлүмү кабарлады.

Шектүүлөр “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилеринин биринен Кара-Балта шаарынын суу түтүктөрүн алмаштыруу боюнча мамлекеттик сатып алуу тендерин утуу үчүн 1 миллион АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылып, кийин жогорудагы сумманы 250 миң долларга түшүрүшкөн.

Кечээ, 10-мартта УКМК кызматкерлеринин ыкчам иштеринин натыйжасында 250 миң доллар акча алып жаткан жеринен Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 1960-жылы туулган С.у.Ж. аттуу жараны, Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу 1964-жылы туулган Ш.М.А., Чүй облусунун 1965-жылы туулган Н.Р.С. аттуу 3 жараны кармалган. Алар УКМК убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Шектүү С.у.Ж. карата мурда алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгону аныкталды. Ал алдамчылык аракеттерин чындыкка окшоштуруу максатында өлкө президенти жана анын чөйрөсүндөгүлөр менен алакасы бар экендигин айтып, жогорудагы маселени чечүүгө убада берген.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 38-беренеси (Кылмышка даярдык көрүү) жана 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM