Биз менен байланышыңыз

Пара алууга шектелген экотехинспекциянын 2 кызматкери жумуштан айдалды

Кыска кабар | 10 Мар 2020 | 591 | 0

Пара алууга шектелип кармалган Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Талас облусундагы башкармалыгынын эки кызматкери кызматынан бошотулду.

Буга байланышкан буйрукту бүгүн аталган мекеменин жетекчилиги чыгарган. Анда “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, ошондой эле “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдардагы терс негиздеме менен жумуштан бошотулганы айтылат.

Аталган кызматтын Талас областындагы башкармалыгынын башкы инспектору А.К. жана З. у. С аттуу инспектору 6-мартта пара алып жаткан учурда кармалышкан. Алар жеке ишкананы текшеребиз деген шылтоо менен ишкерден акча каражатын талап кылышкан.

Аталган кызматкерлер терс негиздеме менен бошотулганы боюнча маалымат Реестрге каттоо үчүн Мамлекеттик кадр кызматына билдирилген.

Copyright © 2017 Maral FM