Connect with us

Милиция 50 миң сом пара алып жаткан сот аткаруучуну кармады (видео)

Кыска кабар | 12 Мар 2020 | 937 | 0

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Криминалдык милиция кызматынын (КМК) аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Ошто опузалап пара алууга шектелген сот аткаруучуну кармашты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгына 30 жаштагы А.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Катта Ош облусунун райондук сотунун сот аткаруучусу алиментке байланыштуу маселени чечип берем деп 50 000 сом пара талап кылганы айтылат. А.Б. буга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты боюнча топтолгон материал Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ИИМдин Тергөө кызматы сотко чейинки өндүрүшкө алган. Анын алкагында 10-март күнү райондук соттун сот аткаруучу кызматкери пара катары талап кылган акчаны накталай алып жаткан жеринен кармалган. Анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда 50 000 сом акча каражаты табылган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM