Биз менен байланышыңыз

Баткендеги окуяны иликтөө боюнча 52 тергөө тобу иштөөдө

Кыска кабар | 8 мая 2021 | 757 | 0

Бүгүн, 8-майга карата Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок. Чек арага чектеш айылдар милиция кызматкерлеринин толук көзөмөлүндө.

ИИМдин «Шер» атайын багыттагы отряды менен УКМКнын Чек ара кызматынын «Бөрү» атайын дайындоодогу отряды күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшүүдө.

Баткен облусунда Бишкек, Ош шаарларынан, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарынан жөнөтүлгөн ыкчам-тергөө топтору иштеп жатат. Бүгүнкү күндө 52 ыкчам-тергөө тобу чыгымдарды тактоо боюнча иштерди жүргүзүп, тажик тараптан курал колдонулганы жөнүндө далилдерди документтештирип, топтоодо.

Андан сырткары, милиция кызматкерлери жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин дагы жүргүзүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM