Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантууда

Кыска кабар | 29 Ноя 2021 | 401 | 0

Элдин коопсуздугун камсыздоо, ар түрдүү укук бузууларга жол бербөө үчүн ички иштер органдарынын 12 миңге жакын кызматкери жалпы өлкө боюнча күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн бүгүн да улантат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 28-ноябрда таңкы саат 08:00дөн кечки саат 24:00гө чейин шайлоого байланышкан 126 факты катталган. Анын ичинен добуштарды сатып алуу кылмышы боюнча (Кылмыш жаза кодексинин 192 беренеси менен) эки факты Чүй облусунда катталып, учурда тергелип жатат.

Жоруктар боюнча 5 факт: Баткен облусунда административдик ресурсту пайдалануу, Чүй облусунда 2, Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 1 майда бейбаштык болгон.

Андан сырткары мыйзамсыз үгүттөө боюнча — 36, добуш берүү тартибин бузуу боюнча — 38, добуш сатып алуу боюнча — 21, шайлоочуларды унаалар менен ташуу боюнча — 19, жалган маалымат таратуу боюнча — 1, электр энергиясынын өчүрүлүшү боюнча — 1, айлык кармоо боюнча — 1 кайрылуу келип түшкөн.

Аталган мыйзам бузуулардын бардыгы азыркы учурда жеринде териштирилүүдө. Жыйынтыктары мыйзамга ылайык чыгарылат.

Учурда өлкөнүн бардык аймагы тынч.

Copyright © 2017 Maral FM