Биз менен байланышыңыз

ИИМдин 6 миң кызматкери коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 23 Авг 2021 | 440 | 0

Бүгүнкү күндө Ички иштер министрлигинин 6 миңден ашуун кызматкери COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүп, анын ичинен 5 миңден ашыгы вакцинанын экинчи дозасын алышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Индира Абдыгулова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, коронавирустук инфекция менен ооруган жана ооруп жаткан, ошондой эле эмдөөдөн өтүүгө каршы болгон кызматкерлер да бар. Ал вакцинация ооруну алдын алуунун жана коронавирустук инфекция менен күрөшүүдө адамдардын өмүрүн сактап калуунун эң мыкты жана натыйжалуу ыкмаларынын бири экенин айтты.

«Укук коргоо органдарынын кызматкерлери социалдык кызматкерлер сыяктуу эле тобокелдик тобуна киргенине байланыштуу, алар максималдуу түрдө эмдөөдөн өтүүсү керек. Эмдөө айрым вирустарга туруктуу болот жана иммунитетти көтөрөт. Эмдөө алган адам өзүн гана эмес, жакындарын да коргой алат. Ден соолугуна байланыштуу айрым адамдар эмдөө ала алышпайт, бул учурда алар эмдөөдөн өткөндөрдүн арасында жашоо менен өзүн коргой алышат. Ошондуктан, канчалык көп адам эмдөөдөн өтсө, оорунун жайылышына бөгөт коюу жеңил болот», — дейт ал.

Copyright © 2017 Maral FM