Биз менен байланышыңыз

ИИМдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Баткенге барды

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 682 | 0

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн жана ИИМдин Ички аскерлеринин аскер бөлүгүнүн өздүк курамын координациялоо үчүн Баткен облусуна барды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жеринде Баткен облусук ички иштер бөлүмүнүн начальниги, ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы, андан сырткары облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы, ички аскерлердин курамы жана башка күч түзүмдөрү менен биргеликте коомдук тартипти күчөтүлгөн режимде камсыздап жатышат.

Милиция кызматкерлери тарабынан блок-посттор коюлуп, чек арага чектеш райондордогу жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Андан сырткары жарандарды коопсуз жайларга жеткирүү иштери жүрүүдө. Кырдаал дале курч бойдон, ИИМ кызматкерлери көзөмөлдөп турат.

Copyright © 2017 Maral FM