Биз менен байланышыңыз

“Кыргыз темир жолу”: $250 миң пара ишкананын ишмердүүлүгүнө тиешеси жок

Кыска кабар | 12 Мар 2020 | 776 | 0

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилеринин биринен 250 миң доллар пара талап кылып кармалгандар боюнча окуянын мекеменин ишмердүүлүгүнө тиешеси жок. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Кара-Балта шаарынын суу түтүктөрүн алмаштыруу боюнча мамлекеттик сатып алуу тендерин утуу үчүн 250 миң доллар пара талап кылып кармалышты. Бул факты — ишкананын башчысынын В.Д. аттуу орун басарынын 2019-жылдагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу. Ал жеке жак катары аталган тендерге катышууга ниеттенген, — деп билдирет маалымат кызматы.

10-мартта УКМК кызматкерлери 250 миң доллар пара алып жаткан жеринен Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 60 жаштагы тургунун, Нарын облусунун 56 жаштагы тургунун, Чүй облусунун 55 жаштагы тургунун кармаган. Алар УКМК убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Шектүүлөрдүн бири алдамчылык аракеттерин чындыкка окшоштуруу максатында өлкө президенти жана анын чөйрөсүндөгүлөр менен алакасы бар экендигин айтып, жогорудагы маселени чечүүгө убада берген.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 38-беренеси (Кылмышка даярдык көрүү) жана 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM