Биз менен байланышыңыз

Ала-Букада мушташкан кошуналардан пара алганга шектелип 2 милиция камалды

Кыска кабар | 20 Янв 2020 | 808 | 0

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн 2 кызматкери пара опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу кабарды Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) маалымат кызматы билдирди.

Атайын кызматка А.Д.Н. аттуу жаран кайрылган. Жабырлануучу Ала-Бука райондук милициясынын (РИИБ) тергөөчүсү М.Э.М. жана участкалык кызматкери К.И.М. кошуналардын ортосундагы жаңжалдан улам токмоктоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишти өндүрүштөн кыскартуу үчүн пара опузалашканын билдирген.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 326-беренесинин негизинде (Пара опузалоо) катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

18-январда 35 миң сом пара алып жаткан жеринен аталган эки милиция кызматкерин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте кармашкан. Алар Жалал-Абад шаардык милициясынын (ШИИБ) убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тийиштүү ыкчам тергөө иштери жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM