Биз менен байланышыңыз

Милиция менен жаштар карылардын үйүндө ишембилик өткөрүштү

Кыска кабар | 15 Мар 2020 | 512 | 0

Ала-Бука райондук ички иштер министрлигинин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин демилгеси менен «Биз ыймандуу жаштарбыз» аталышындагы иш-чара өткөрүлүп, анын алкагында, Т.Балтагулов айыл аймагындагы карылардын үйүндө ишембиликтер уюштурулду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Ишембиликте милиция кызматкерлери жаштар менен чогуу карылардын үйүндө короолорун ирээтке келтиришип, бак-дарактарын актап сырдашты.

Короо-жайдын ичиндеги жерлер тебилип, жашылча-жемиштердин орду даярдалды.

 

Copyright © 2017 Maral FM