Биз менен байланышыңыз

Ала-Букада кен иштеткен компаниялар элге жеңилдетилген насыя берет

Кыска кабар | 8 Фев 2022 | 598 | 0

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун аймагындагы кен иштеткен компаниялар жергиликтүү тургундарга 50 миң сомдон 700 миң сомго чейин жеңилдетилген насыя бере баштайт. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Берилүүчү насыянын жалпы суммасы 70 миллион сомдон ашат. Ал «Айыл банк» аркылуу бөлүштүрүлүп, 6 ай жеңилдетүү менен үч жылдык мөөнөткө берилет. Ал эми 700 миң сомдон жогорку суммада насыя алуучулар долбоордо камтылган шарттардын негизинде каржыланат.

Бул демилге асыл тукум мал баккан чарбаларды өнүктүрүүнү жана сүттүн көлөмүн көбөйтүүнү максат кылат. Ушул жылы райондо күнүнө 100 тонна сүттөн азык-түлүк чыгарган завод ишке кирет.

Ала-Бука районунда кен иштеткен 2 ири компания бар.

Copyright © 2017 Maral FM