Биз менен байланышыңыз

Ала-Бука району: 10 жылдыктар Айтбай Пирматов бала бакчасына этно оюн аянтча куруп беришти

Кыска кабар | 25 мая 2019 | 1047 | 0

Ала-Бука районуна караштуу Өрүктү айылынын Айтбай Пирматов атындагы орто мектебин 2009-жылы бүтүргөн окуучулар ушул мектептин карамагындагы балдар бакчасына этно оюн аянтча куруп беришти. Бул тууралуу аталган мектептин 10 жыл мурунку бүтүрүүчүсү Нурбек Абдраимов кабарлады.

«Айылдагы балдардын көбү баштапкы билимди ушул бала бакчадан алып, анан мектеп босогосун аттаган. Андыктан, биз алгачкы билим уябызга жардам бергибиз келди», — дейт Нурбек Абдраимов.

Белгилей кетсек, бул өңдүү жакшы саамалыктар акыркы жылдары 10 жылдык, 20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн ортосунда чоң аттаандаштыкка айланып келүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM