Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы: Ок атылган кыргыз-өзбек чегинде абал туруктуу

Кыска кабар | 7 Янв 2020 | 706 | 0

Кыргыз-өзбек чегиндеги тактала элек аймакка кирип кеткен Кыргызстандын жарандарынын 520 мал-жандыгы ээлерине кайтарылып берилди. Бул маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Бул окуя кечээ, 6-январда эки өлкөнүн чек арасындагы такталбаган аймакта катталган. Малдарын издеп барган жергиликтүү тургундар менен өзбек чек арачыларынын ортосунда түшүнбөстүк болуп, аскерлер асманга эскертүү иретинде ок аткан.

Окуядан кийин эки мамлекеттин чек арачылары жана жергиликтүү тургундары жолугуп, мындай окуялардын кайталанбашына жол бербөө чараларын талкуулашкан.

Чек арага жакын жайгашкан аймакта жашаган Кыргызстандын жарандары Өзбекстандын аскерлерине эч кандай доосу жок экенин айтышкан.

Чек арачылар, жергиликтүү бийлик жана Ала-Бука районунун укук коргоо органдары менен биргеликте жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Учурда чек арадагы абал туруктуу.

Белгилеп кетели, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука району менен Өзбекстандын Наманган облусунун чегинде 19 миң гектардан ашык жер тактала элек деп эсептелет.

Copyright © 2017 Maral FM