Биз менен байланышыңыз

Кадамжайдын Чечме айылында кыргыз-өзбек элинин ортосунда чыр чыкты (видео)

Кыска кабар | 31 мая 2020 | 1669 | 0

Баткен облусунун Айдаркен шаарчасынын Чечме айылынын жана Өзбекстандын Сох анклавынын элинин ортосунда чыр чыкты. Эки тарап бири-бирине таш урушту. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү билдиргендей, чыр аймактагы суу талаштан улам келип чыккан.

Жергиликтүү бийликтин деңгээлинде сүйлөшүү жүрүп жатат.

Таш урушта кыргызстандыктардын арасында башы жарылып, ооруканага жеткирилгени, «Портер» унаалары талканганы бар экенин  жергиликтүү тургундар кабарлоодо.

 

Copyright © 2017 Maral FM